Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Бельгияда Кыргызстанга арналган фотокөргөзмө өтүүдө


Элизабет Калленстин көргөзмөдө символго айланган сүрөтү
Элизабет Калленстин көргөзмөдө символго айланган сүрөтү

Бельгия Королдугундагы Кыргызстандын элчилиги маалымдагандай, Гент шаарында кыргыз элинин өзгөчөлүгүн көрсөткөн фотокөргөзмө өтүп жатат.

Barbe сүрөт галереясында орун алган көргөзсөдө бельгиялык жаш сүрөтчү Элизабет Калленстин алты ай бою Кыргызстанда жүрүп тарткан сүрөтү көпчүлүктүн назарына сунушталууда.

Калленс Кыргызстанда жүргөн мезгилинде, бир катар алыскы аймактарда болуп, бул аралыкта кыргыз элинин бай маданияты, улуттук каада-салты жана башка өзгөчөлүгү тууралуу кенен таанышып, бардык сезимин өзүнүн сүрөттөрү аркылуу жеткирип жатканын айтууда.

Сүрөттөр көргөзмөгө келгендердин Кыргызстанга кызыгуусу жаралганын элчиликтен кошумчалашты. Кыргыз жигиттеринин кышында ат үстүндө көкбөрү ойноп жаткан жеринен тартылган кадр, сүрөттөрдүн символу болгон.

Фотокөргөзмө 4-сентябрда башталып, 10-сентябрга чейин уланат. (SDz)

XS
SM
MD
LG