Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Иран президенти Кыргызстанга чакыруу алды


Президент Атамбаев Иран президентине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга расмий келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Иран президенти Хосан Роухани Кыргызстанга расмий сапары менен келүү боюнча чакырууну кабыл алып, дипломатиялык каналдар боюнча визиттин мөөнөтү аныкталмай болду.

Атамбаевдин Иранга расмий сапары аяктап, түндө Кыргызстанга кайтып келди. Кыргыз президенти Иранда 4-5-сентябрь күндөрү болду. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG