Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Тажик президенти Рахмон Вахдатка келди


4-сентябрдагы куралдуу чабуулдан эки күн өткөндөн кийин тажик президенти Эмомали Рахмон Вахдат шаарына келди.

Расмий маалымат боюнча Вахдаттагы ИИМ жана Коргоо министрлигинин аппаратына чабуулдун натыйжасында 20дан ашык адам мерт болгон.

Тажик президентинин сайты жазгандай, Рахмон Вахдатта жергиликтүү калктын жашоосу менен таанышуу, бир катар социалдык жана өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча келди.

Рахмондун иш сапары Вахдаттын жанындагы Ромит капчыгайында атайын операция жүрүп жаткан учурга туш келди. Ромитте коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы кармоо операциясы токтой элек. Бүгүн эртең менен ал жактагы Теппаи Самарканди айылында ок атуулар угулганы менен, эч ким абалга комментарий бере элек.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги абал тынч экенин айтып, Дүйшөмбү жана Вахдатта кырдаал күч кызматкерлеринин көзөмөлүндө деп билдирүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG