Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Керри менен Лавров Сириядагы абалды талкуулады


АКШ мамкатчысы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, Орусия Сирияда аскердик кийлигишүүсүн күчөтүүдө деген билдирүүлөргө Вашингтондун тынчсызданып жатканын билдирди.

Эгерде келип түшкөн маалыматтар тастыкталса, Сирияда кагылыш күчөп, жай тургундар арасында өлүм көбөйүп, качкындардын саны өсөрүн Мамкатчы түшүндүрүп өттү.

Керри менен Лавров Сириядагы абалды ушул айда Нью-Йоркто талкуулай турган болушту. АКШ Мамдепартаменти маалымдагандай телефон менен сүйлөшүүнү алгач АКШ тарап демилгеледи.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Сириядагы аскердик кагылышта Орусиянын учактары жана учкучу жок аппараттары Идлиб аймагында жүргөндүгү тууралуу билдирүүлөр чыккан. Такталбаган маалыматтардан учактар Орусиянын заманбап Су-34 согуштук учактары болушу мүмкүн. Себеби мындай үлгүдөгү учактар Сириянын армиясында жок.

Ирак жана Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушуп жаткан эл аралык коалиция катарына Орусиянын кошулушун кубаттаарын билдирүүдө. Кремл 2-сентябрда коалициянын аскердик аракетине кошулуу планы жок экенин билдирип, ошол эле учурда Сирияга аскердик жардам көрсөтүп жатканын да тактаган эмес. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG