Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Рахмон: чабуул жасагандар сөзсүз жооп берет


Куралдуу чабуулду айыптаган тажик президенти, "Ислам мамлекети" террористтик тобунун катарында 46 Вахдат шаарынын тургуну бар болчу деп, анын 15и өлтүрүлгөнүн айтты.

Вахдат шаарында Рахмон жаңы мектептин ачылыш салтанатына катышып, 4-сентябрда милиция бөлүмүнө чабуул жасагандар сөзсүз мыйзам алдында жооп берерин билдирди.

Президент каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, вахдаттыктардын эрдигин белгиледи.

- Силердин жардамыңар менен бир кылмыш топтун бир мүчөсү кармалды, – деди Рахмон.

4-сентябрда Вахдаттагы милиция бөлүмүнө жана ошол эле күнү Коргоо министрлигинин аппаратына куралдуу кол салуудан 20дан ашык күч кызматкери каза болгон. Анын ичинде тогуз милиция кызматкери мерт кеткен.

Тажик президентинин сайты жазгандай, Рахмон Вахдатка жергиликтүү калктын жашоосу менен таанышуу, бир катар социалдык жана өнөр жай ишканаларын ачуу боюнча келген.

Рахмондун иш сапары Вахдаттын жанындагы Ромит капчыгайында атайын операция жүрүп жаткан учурга туш келди. Ромитте коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы кармоо операциясы уланууда. Бүгүн эртең менен ал жактагы Теппаи Самарканди айылында ок атуулар угулганы менен, эч ким абалга комментарий бере элек.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги абал тынч экенин айтып, Дүйшөмбү жана Вахдаттагы кырдаал күч кызматкерлеринин көзөмөлүндө деп билдирүүдө. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG