Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Салык кызматы партияларды салык төлөөгө чакырды


Үгүт маалында саясий партиялар үгүтчүлөрдү, атайын адистерди, компания, фирмаларды жана ЖМК өкүлдөрүн катарына тартышат, – деген салык кызматы, ар бир кызматкер тийиштүү келишим менен ишке алынышы керектигин эскертүүдө.

Салык кызматынын маалыматында жумушчуларды расмий документтери жок кабыл алуу, айлык-маянаны жашыруун “конверт” менен берүү мыйзам бузууга жатат.

Мындан башка партиялар менен бирге иштешкен компания жана фирмалар үгүт учурундагы жарнама, көрнөк-жарнак, иш-чараларды уюштурганы үчүн өз маалында салык төлөшү абзел. Салыкчылар ар бир үгүт материалдар кызматкерлер тарабынан тыкыр текшерилерин эскертип, партияларды мыйзамды бузбоого үндөдү.

Мыйзамга ылайык шайлоого катышкан партиялардын үгүт иштери партиянын шайлоо фондунан жумшалышы кажет. Саясий партиялардын шайлоо фондундагы каражат 500 млн. сомдон ашпоосу керек. (SDz)

XS
SM
MD
LG