Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Ошто Сирияга азгырууну тыюу боюнча талкуу өттү


Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда ИИМ кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугуп, Сириядагы согушка азгырган экстремисттик топтор тууралуу маалымат берди. ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкери Эмил Жээнбековдун маалыматында, Сирияга жөнөгөндөрдүн 95 пайызы түштүк облустардын тургундары болсо, көпчүлүгү өзбек улутундагылар экени иликтөөдө аныкталган.

Жергиликтүү тургундар Сириядагы куралдуу кагылышка диний түшүнүктүн тайкылыгынан кетип жатканын айтышып, милиция коомчулук менен тыгыз иш алып барышы зарылдыгы айтылды.

Соңку убакта интернет аркылуу Сирияга чакыргандар басымдуу боло баштаганы белгиленип, алардын ичинде аялдардын саны өсүп жатканы айтылды.

ИИМдин маалыматында жыл башталгандан бери өлкө боюнча 115 аял Сириядагы согушка кеткен. Алардын айрымдары балдары менен жөнөсө, кээ бирлери боюнда бар экенине карабай кетишкен. Ушуга байланыштуу жыйында аялдар арасында дагы түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги демилгеленди.

Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда 40 миң адам жашаса, алардын ичинде 25 адам экстремисттик жана террористтик көз карашта экени аныкталып, каттоого алынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG