Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Иран темир жолдун курулушуна кызыкдар


Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанга Ирандан делегеция келип, Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун куруу боюнча долбоорду талкуулайт.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, Иран темир жолдун курулушуна өзгөчө кызыкдар экенин билдирип, өкмөт аралык комиссиянын Кыргызстанга келиши күтүлүп жатат. Темир жолду курууга бардык өлкөлөр катышуу ниетин билдирди деген Сапар Исаков, долбоор сөздөн ишке өткөнүн белгиледи.

Президент Атамбаев 3-сентябрда Кытай президенти менен жолуккан учурда дагы, Кытай төрагасы темир жолдун курулушуна оң көз карашта экенин айткан. Ал эми 5-сентябрда Кыргыз жана Иран президенттеринин жолугушуусунда Хасан Роухани Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолун курууну тездетүү зарылдыгын билдирген.

“Кыргыз Темир жолу” Иран-Тажикстан-Кытай темир жолунун Кыргызстандан өтө турган бөлүгү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жасала элек деп, маселе изилдөө деңгээлинде турганын маалымдаган. Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун техника-экономикалык негиздемеси аяктоо алдында турат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG