Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Тажикстанда Назарзоданын дагы төрт шериги жок кылынды


Тажикстандагы соңку чабуулдарга айыпталып жаткан генерал Абдухалим Назарзода.
Тажикстандагы соңку чабуулдарга айыпталып жаткан генерал Абдухалим Назарзода.

Тажикстандын ички иштер министрлиги жекшембидеги атайын операцияда коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзоданын кылмыштуу тобунун дагы төрт мүчөсү тындым болгонун кабарлады. Мындан сырткары бул топтун жети мүчөсү кармалып, алардан ири көлөмдөгү курал-жарак менен ок дарылар алынган. Анын ичинде АКМ үлгүсүндөгү 18 автомат 50 ок чонтойу менен жана түрдүү патрондор бар.

4-сентябрдын таңында Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам: 8 милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү мерт болгону кабарланган. Соңку маалыматтарга караганда, 4-сентябрдан берки кагылыштарда өлгөндөрдүн саны бүгүн 26 адамга жетти. Алардын 9у милиция кызматкери, калган 17си кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Тажик расмийлери бул чабуулдарды генерал Абдухалим Назарзода жетектегенин ырастоодо. Ал азыр бир канча шериги менен Дүйшөмбүдөн 150 чакырымдай аралыктагы Рамит капчыгайында жашырынып алганы айтылып, кармоо операциясы уланып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG