Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Баткендеги жана Чоң-Алайдагы чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Чек арачылар тажик кесиптештеринен ыкчам маалыматтарды убагында алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.

Тажикстандагы кырдаалга байланыштуу кыргыз-тажик чек араларына жакын жайгашкан аймактардагы жергиликтүү ички иштер кызматкерлерине да өзгөчө тапшырмалар берилген. Ошондой эле элдин ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

4-сентябрдын таңында Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында болгон кагылышта 17 адам: 8 милиционер жана куралдуу топтун тогуз мүчөсү мерт болгону кабарланган. Соңку маалыматтарга караганда, 4-сентябрдан берки кагылыштарда өлгөндөрдүн саны бүгүн 26 адамга жетти. Алардын 9у милиция кызматкери, калган 17си кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Тажикстан расмий бийлиги чабуулдарды генерал Абдухалим Назарзода жетектегенин ырастоодо. Ал азыр бир канча шериги менен Дүйшөмбүдөн 150 чакырымдай аралыктагы Рамит капчыгайында жашырынып алганы айтылып, кармоо операциясы уланып жатканы кабарланууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG