Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Бүгүн партиялар мамлекеттик ММК бекер чыгууга чүчү кулак кармашат


Шайлоо Кодексине ылайык,саясий партиялар мамлекеттик маалымат каражаттарына акысыз чыгууга укуктуу. Кодексте белгиленгендей, мамлекеттик теле радио берүүлөр бөлгөн эфирдик акысыз убакыт жумуш күндөрү бир сааттан кем болбого тийиш, ал эми акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга дискуссияларды, тегерек үстөлдөрдү жана башка үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана берилет.Ошондой эле мамлекеттик басылмаларда шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн бир беттен кем болбогон акысыз басма аянты теңдеш шарттарда берилүүгө тийиш.

Үгүт иштеринин мыйзам чегинде өтүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын жумушчу тобу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

4 -сентябрда үгүт иштеринин башталышы менен Бишкектин көчөлөрүндө партиялар жарнамаларын илип, айрым басылмаларга саясий партиялардын рекламалары жарыялана баштады.

Үгүт иштери шайлоого 24 саат калганда токтотулат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 14 саясий партия катышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG