Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Мамлекеттик салык кызматы саясий партияларды мыйзам сактоого чакырды


4-октябрдагы шайлоого катышуучу бардык саясий партиялар жана алар менен чогуу шайлоо өнөктүгүндө иштеп, акча табуучу бардык адамдар, мекемелер жана басылмалар салык төлөөгө тийиш экенин Мамлекеттик салык кызматы эскертти. Ага ылайык, бардык саясий партиялар иштешүүчү тараптар менен ачык, мыйзамдуу келишим түзүүсү зарыл.

Булардын ичинде үгүт жүргүзүүчүлөр, үгүт маалыматтарын таратуучулар жана башка жумушчулар, ошондой эле маалымат каражаттары да бар. “Мыйзамдуу келишим түзбөй туруп, өнөктүк учурунда иштеген жумушчуларга “конвертке салынган” айлык акы төлөө ыкмасы айрым саясий партияларда учураган көрүнүш” деп белгилеген салык кызматы мамлекеттик бюджетке салык төлөө бардык жарандын, партиянын, мекеме-ишкананын милдети экенин эскерткен.

Мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө кайсы бир талапкер же саясий партия менен мыйзамдуу келишим түзбөй туруп, иштеген айрым адамдар шайлоо өнөктүгү аяктаган соң мурда убада кылынган иштеген акысын ала албай, нааразычылыгын билдирген учурлар катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG