Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Кишиневдогу нааразылык митинги уланууда


“Коррупцияга жана уурулукка каршы” деп аталган чакырык менен он миңдеген демонстранттар Кишиневдун борборунда мөөнөтсүз нааразылык акциясын улантышууда. “Азаттыктын” молдова кызматы билдиргендей, кечээ кечке жуук митингчилер 30 чакты чатыр тигип, бийлик алардын талаптарын аткармайынча кетпесин айтып чыгышты. Нааразылык акциясы “Сыймык жана чындык” деп аталган жарандык платформа тарабынан уюштурулууда.

Полициянын маалыматы боюнча, Кишиневдогу борбордук аянтка 60 миңдей адам чогулду.

Митингчилер кабыл алган резолюцияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү, президент Николае Тимофти баштаган бардык укук коргоо органдарынын жана юстиция жетекчилиги кызматтан кетүүсү талап кылынган.

Өкмөт башчы Валериу Стрелец нааразылык жыйын жетекчилигин айыл чарба министрлигинин имаратына сүйлөшүүгө чакырды, бирок алар сүйлөшүү өкмөттүн резиденциясында өтүүсүн талап кылып, андан баш тартышты.

Өз кезегинде Стрелец журналисттерди чогултуп, митингчилер койгон талаптар бир жуманын ичинде караларын жана ага жооптор болорун кабарлады. Ошондой эле өкмөт башчы демонстранттардын талаптарынын арасында “Конституцияга туура келбеген талаптар да бардыгын” айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG