Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

ИИМ партияларды коопсуздукту бекемдөөгө чакырды


Ички иштер министрлиги бүгүн саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, штабдар жайгашкан кеңселерди кайтырууга алууда бекемирээк болууга чакырды. Министрликтин сунушу боюнча, шайлоо маалында коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн кеңселерге видеокөзөмөл орнотуу, терезелерге темир тор каптоо, өрт коопсуздугу чараларын сактоо жана штабды тынымсыз нөөмөтчү менен кайтаруу керек. Бул тууралуу "Азаттыкка" ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Өткөн жумада “Ата Мекен” партиясынын Бишкектеги кеңсесин белгисиз кишилер тоноп кеткен. Үгүт иштери башталгандан бери Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймагында шайлоого байланыштуу 7 жолу жаңжал катталган. Бул боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Шайлоого карата 2 280 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти 8 миң милиция кызматкери жана 8 миңден ашык элдик кошуундун өкүлдөрү көзөмөлдөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG