Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

10-сентябрдан тарта пенсия көбөйөт


10-сентябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 250-500 сомго көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Социалдык фонддон кабарлашты. 500 сомдон эмгек стажы аялдар үчүн 35, ал эми эркектер үчүн 40 жылдан жогору жарандарга, 1-топтогу майыптарга кошулат. Ал эми калган категориядагылардын пенсиясына 250 сомдон кошулмай болду.

Натыйжада пенсиянын орточо суммасы 4817 сомду түзмөкчү.

Социалдык фонддон кабарлашкандай, бул үчүн каражат жетиштүү.

Бүгүн пенсия тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев президент Алмазбек Атамбаевге айтып берди. Жолугушууда бул тармактагы азыркы абал талкууланды. Мамлекет башчы пенсиянын туруктуу камсыздалышы үчүн мындан ары да реформаны улантуу зарылдыгын баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG