Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Чет элдик агенттер боюнча мыйзамга каршы кол топтоо уланууда


Кыргызстанда чет элдик агенттер боюнча иштелип чыккан мыйзам долбооруна каршы кол топтоо уланууда. Учурда атайын кайрылууга кол койгон уюмдардын саны 15ке жеткенин демилгечи - "Интербилим" борбору кабарлады. Арасында Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясы, "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы, "Перемена", "Кризистик борборлор ассоциациясы" сыяктуу уюмдар бар.

Укук коргоочулардын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамл Мадалиев жана Надира Нарматова иштеп чыккан мыйзам долбоор кабыл алынса Кыргызстан адам укугу кордолгон тоталитардык өлкөгө айланышы ыктымал.

Президентке жана парламентке жолдоно турган кайрылууда ошондой эле чет элдик агенттердин ишин жөнгө салууда адам укугу менен бейөкмөт уюмдардын эркиндигин чектебеген, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жана эл аралык мыкты тажрыйбага негизделген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мүмкүн экени айтылган.

Коомчулукта ача пикир жаратып, жарандык коомдун кескин сынына кабылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган болчу. Ушул айда ал экинчи жана үчүнчү окууларда каралат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG