Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Акыйкатчы институту Баткендеги таза суу маселесин сындады


Баткен облусундагы 87 айылда 76 миңден ашуун жашоочу таза сууга муктаж. Акыйкатчы институтунун облустук өкүлчүлүгү билдиргендей, Кадамжай районунда 56, Баткен районунда 22, Лейлек районунда 9 айылда иче турган суу жок. “Көйгөйдү чечүү аракети 2001-жылы башталган, бирок бүгүнкү күнгө чейин көзгө көрүнөрлүк иш байкалбайт. Бул абал жарандардын укугун сактоого, алардын муктаждыгын жоюуга мамлекеттик деңгээлде аракет жок экендигин көрсөтөт", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчуев “Азаттыкка” билдиргендей, облустагы 190 айылдын 103 конушта таза суу бар. Ал жерлерге өкмөт менен эл аралык уюмдардын биргелешкен долбоорунун алкагында суу чыгарылган. Советтер союзу ураган кезде 46 айылда эле таза суу болгон. Башка кыштактардагы көйгөйдү чечүү алдыдагы жылдарга пландалган. (SE)

XS
SM
MD
LG