Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

ТИМде Кыргызстан-АКШ кызматташтыгы талкууланды


АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Шейла Гуолтни бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиевдин кабыл алуусунда болду. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, элчи Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Жолугушууда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Дипломатиялык талаптарга ылайык, жаңы элчи дайындалганда өз өлкөсүнүн жетекчилиги кол койгон Ишеним грамоталарын ошол мамлекеттин башчысына тапшырат. Ага чейин көчүрмөлөр Тышкы иштер министрлигине берилет.

Быйыл 20-августта кыргыз тараптын демилгеси боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим денонсацияланган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG