Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Франция ИМ тобунун Сириядагы турумдарына сокку урууну караштырууда


Франсуа Олланд. Елисей сарайы, 7-сентябрь, 2015-жыл.
Франсуа Олланд. Елисей сарайы, 7-сентябрь, 2015-жыл.

Француз президенти Франсуа Олланд бул тууралуу бүгүн Париждеги басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, Франция 8-сентябрдан тарта Сириянын аймагына чалгынчы учууларды баштайт жана “Ислам мамлекети” тобунун бул жердеги турумдарына абадан сокку урууну караштырууда. Ал эми чалгынчы учуулар аба соккуларынын планын түзүүгө жардам берет.

Олланд белгилегендей, Сириянын аймагынан бир нече өлкө, анын ичинде Францияга каршы террордук чабуулдар мерчемделген.

Франция буга дейре “Ислам мамлекети” тобунун Ирактагы согушкерлерине абадан сокку уруу өнөктүгүнө былтыр сентябрда кошулган. (UE)

XS
SM
MD
LG