Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

"Ата Мекен" Бишкек мэриясына талап койду


"Ата Мекен" партиясы Бишкек шаарына орнотулган үгүт жарнамаларын алып салуу уланып жатканын айтып, муну токтотууну мэриядан талап кылууда. Партиянын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн эртең менен Киев жана Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишине орнотулган дагы бир жарнаманы сыйруу аракети болду.

- Юристтер барып, “Тазалык” ишканасы менен түзүлгөн келишимди көрсөтүп токтотуп калышты. Мэрия болсо ал документ мыйзамсыз экенин айтууда. "Тазалык" менен 24-августта үгүт мөөнөтү аяктаганга чейин келишим түзгөнбүз. Эгерде "Тазалыкта" андай ыйгарым болбосо, 4-сентябрга чейин мэрия бизге маалымдаш керек болчу, - дейт Кайыргүл Урумканова.

Партия мүчөлөрү бүгүн буга байланыштуу маалымат жыйын куруп, мэрия бул аракетин токтотушу керектигин билдиришти. Алардын эсебинде, төрт күндө 56 баннерден жарнамалар алып салынган.

Ал эми Бишкек мэриясы аталган партия жарнама жайгаштыруудагы тийиштүү эрежелерди сактабай жатканын расмий билдерген. (JM\SE)

XS
SM
MD
LG