Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Тажикстанда канабайрам салгандар изделүүдө


Тажикстандын коопсуздук күчтөрү коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы жана анын тарапкерлерин издөөнү улантышууда.

Назарзода жана анын сегиз чакты жолдоочусу 4-сентябрдагы куралдуу кагылыштардан кийин Душанбеден 150 чакырым чыгыштагы Рамит капчыгайына качып кетишкен. Дүйшөмбү күнү Назарзода баштаган топтун дагы 14 мүчөсү жок кылынганы кабарланды.

4-сентябрда Душанбе жана Вахдат шаарларында болгон кагылышууларда бардыгы 26 адамдын, анын ичинде 9 милиционердин жана 17 согушчандын каны төгүлгөн. Президент Эмомали Рахмон 6-сентябрда Вахдат районуна барганда кандуу калабаларды өлкөдөгү кырдаалды бейстабилдештирүүнү көздөгөн жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун дүйнө таанымын бөлүшкөн согушчандар уюштурду деди. Ал Назарзода башындагы топ чукул арада колго түшүрүлөрүнө бөркүндөй ишенгенин да айтты:

- Шаарда жана тоо койнунда жашырынып жүргөндөр жакынкы күндөрдө кармаларына жана бул ишке чекит коюларына мен толук ишенем.

Тажик бийликтеринин эсеби боюнча, Сирия жана Ирандагы “Ислам мамлекети” радикалчыл тобуна 500дөн ашуун тажикстандык кошулуп кеткен.

Рахмондун сөзүнө караганда, жихадчыларга Вахдат районунан барып кошулган 46 адамдын 11и ошо жакта урушуп жүрүп өлгөн.

Бийлик маалымдагандай, Абдухалим Назарзода министрдин орун басары кызматына Тажик өкмөтү жана Биргелешкен тажик оппозициясы ортосундагы 1997-жылкы Тынчтык келишиминде каралган квота боюнча дайындалган. Назарзода 1992-97-жылдардагы жарандык согуш кезде талаа командири болгон.

Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясы Назарзода Ички иштер министрлиги ырастагандай, партиянын мүчөсү болбогонун, анткени Конституция аскер кызматкерлеринин кайсы бир партияга мүчө болуусуна уруксат бербегенин билдирди. "Ислам кайра жаралуу" партиясы эки жума илгери ырасмий түрдө тыйылган.

Абдухалим Назарзода 4-сентябрда эле “кылмыш жасады” деп генерал-майор наамынан ажыратылган. Ал өзү кылмыш жасабаганын билдирген.

Бул окуяга тиешеси бар деп Коргоо министрлигинин кызматкерлери: подполковник Мустафо Назаров жана майор Насим Юсуфов да камакка алынды. Ички иштер министрлигинин билдиришинче, эки офицер даярдалып жаткан чабуулдар жөнүндө билип туруп, тийиштүү кызматтарга кабарлашкан эмес. Ал эми Назарзоданын бир тууганы Мирзохаят Назаров өз ыктыяры менен колго түшүп бергени ырасмий түрдө кабарланды.

7-сентябрда Ромит капчыгайында Назарзода баштаган топтун 14 мүчөсү жана түрдүү курал-жарактар колго түшүрүлгөнү кабарланды. Муну менен 4-сентябрдан бери жүрүп жаткан операция учурунда Назарзоданын тобуна кирген 56 адам кармалып, 17 согушчан жок кылынды.

Мындай жагдайда 6-сентябрдан тарта “Мегафон”, Tcell жана башка байланыш компаниялары абоненттердин СМС кабар жөнөтүүсүн тейлөөнү токтотту. Операторлор анысын техникалык себептерге шылташты. Бирок жергиликтүү эл СМС кабарларды тейлөө Назарзода башындагы топко каршы жүрүп жаткан операцияга байланыштуу токтотулду деп жоромол кылышууда.

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Незаисимая газетага” курган маегинде Тажикстанда 4-сентябрда болгон куралдуу кагылышууну “бандиттик кол салуу” деп мүнөздөйт. “Тажикстан бүгүн Сауд Арабиянын суннит түзүмдөрү колдогон салафиттер менен аларга каршы турган шиит диндүү Иран ортосундагы таасир үчүн болгон күрөштүн майданына айланды десем жаңылышпайм деп ойлойм”,- дейт Дубнов.

АКШнын Душанбедеги эчилиги 4-сентябрдагы коогалаң дагы жаңы кагалышуулардын башаты болушу мүмкүн деп эскерткен.

Тажикстандагы соңку окуялардан улам Кыргызстан чек ара күзөтүн күчөттү.

XS
SM
MD
LG