Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

"Бир Болдун" бийликке карай илбирс секириги


"Бир Бол" партиясынын мүчөлөрү Нарын шаарында
"Бир Бол" партиясынын мүчөлөрү Нарын шаарында

“Азаттык” парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын программаларын талдаган түрмөктү окурмандарга сунуштайт. Анын көшөгөсүн “Бир Бол” партиясы ачат.

Бул партия өнүгүү программасын “Илбирс секириги” деп атап, мамлекеттик кызматта реформа жүргүзүп, күч түзүмү жана мугалимдердин маянасын эки эсе көбөйтүп, бюджеттик чыгымды азайтабыз деген убадалар менен шайлоого баратат.

Саясат талдоочулар болсо “Бир Бол” өзүнүн калың капчыгына ишенип, добуш үчүн акчаны каалаган өлчөмдө сапырат деген көз карашта. Ошол эле учурда партия мүчөлөрү менен түшкөн сүрөткө соцмедиада “Бакиевдин 11 желдети” деген лакап ат пайда болду.

Үгүт иштеринин 4-күнүндө “Бир Бол” партиясы Ош, Өзгөн, Кадамжай, Баткен, Нарынды кыдырып, Каракол шаарына өттү. Эл менен жолугушуу учурунда сахнанын шөкөттөлгөн жасалгасы, партиянын көк байрагынын бош жер калбай илингени, ырчы-чоорчулардын көптүгү, жада калса жол тандабас унаанын номерине чейин “Бир Бол” деп жазылып турганы партиянын капчыгы калыңдыгынан кабар берди.

Программаны оозеки убадалар коштоодо

"Бир Бол" партиясынын Ош шаарындагы үгүт учуру
"Бир Бол" партиясынын Ош шаарындагы үгүт учуру

Партия өзүнүн өнүгүү программасын “Илбирс секириги” деп атап, элет эли менен жолугушууда, программадан тышкары дагы ар түркүн убадалар берилип жатканын айтпасак болбойт.

Маселен, Баткен шаарында “Бир Бол”, кышында жарык өчпөйт деп убада берсе, партия мүчөсү Игорь Чудинов Баткенди толугу менен газдаштырабыз деген сөзүн айтып, элдин көңүлүн алды.

Саясат талдоочу Турат Акимов Баткенди газдаштыруу сөзү Чудиновдун оозунан эмнеге чыгып жатканына мындайча токтолду.

- Игорь Чудинов бул эми орустарга жакын болуп, ошол жак менен жакшы байланышта болуп жүрбөйбү. Ал эми биздин газ системабызды толугу менен Орусия сатып алганын жакшы билебиз. Ошондуктан орустар менен сүйлөшүп гана маселени чечпесе, Кыргызстан өзүнчө газ чыгарабыз деп айтканы бул уят.

“Илбирс секириги” программасына ылайык, партия Айыл чарба министрлигин жоюп, жерлерди дыйкандарга жана кооперативдерге өткөрүп берүүнү көздөөдө. Мамлекеттик аппараттын функцияларын азайтып, аткаминерлердин санын эки эсе кыскартып, андан арткан акчага милиция жана мугалимдердин маянасын эки эсе көбөйтүүнү демилгелейт. Сотко чейинки териштирүү институтун күчөтүп, "бирболчулар" жемкорлукту жараткан себептерин жок кылганы жатышат.

“Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиришинче, партиянын программасын иштеп чыгууга эки жылдай убакыт кетти.

Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

- Программабызга ылайык чыгымдарды эки эсе кыскартып, ички дүң продукцияны беш жылда эки эсе көтөрөбүз деп турабыз. Программада көп нерсе жазылган, парламентке келсек, сөзсүз ишке ашырабыз. Биздин арабызда күчтүү экономист, орган жаатындагы мыкты адистер, сот системасын жакшы түшүнгөндөр бар. Ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү тармакты бөлүп алып, эки жылдын ичинде иштедик, аларды сөзсүз иш жүзүнө аткарабыз.

Илбирсти секиригинен билели

Кыргызстандагы жоголуп бараткан куу илбирсти партияга расмий эн-белги деп колдонгону менен "бирболчулардын" расмий сайтындагы программасында куу илбирсти сактоого, деги эле экологияга байланыштуу пункттар камтылган эмес. Партия оппозициялык маанайды карманганы менен өзүнүн платформасында бийликтин ЕАЭБге кирген саясатын колдой турганын ачык айтып, айрым партиялардан айырмаланып, Конституцияны өзгөртүүгө да каршы.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев болсо, “Бир Болдун” программа деген аты бар документи эле болбосо, андан ашкан стратегиясы жок экенин белгилейт. "Бирболчулардын" негизги максаты - парламентке кирип келүү деген пикирин Казакпаев “Азаттыкка” бөлүштү.

- Чынын айтканда, “Бир Болдун” идеологиялык жактан программасы деле жок. Булар парламентке кирип келүүнүн гана аракетин көрүп жатат. Оппозициялык партиябыз деп, бийликке каршы болгон акчалууларды чогултуп алган. Ошондуктан булар программасын деле жарыялашкан жок.

Капчыктууга парламент каалгасын ачабы?

Саясатчылар “Бир Болдун” негизги көзүрү анын финансылык акыбалында экенин бир сөздөн айтышат. Аталган партия парламенттин босогосун аттоо үчүн сомду самандай чачууга даяр - деген саясат талдоочу Турат Акимов, “Бир Бол” - шайлоого бараткан 14 партиянын ичинен капчыгы калыңдардын сап башында тургандардан, - дейт.

- Эми ачыгын айтуу керек, булардын акчасы саман. Акчаны жакшы төлөп, ар кандай убадаларды бере берсе, анын арты менен парламент буларга эшигин ачып берет. Реформа кылабыз, дагы кандай гана сөздөрдү айтпасын, парламентке келип алса, булардан кайра эч ким талап кыла албайт. Ошондуктан каалаган убадаларды бере беришет.

Ошентип, парламентке аттанган капчыктуу партиялардын бири болгон "бирболчулар" үгүт ишинин аягына чейин Кыргызстанды түрө кыдырууну улантууда. «Бир Бол» партиясы 2010-жылдын 28-июнунда каттоодон өткөнү менен биринчи жолу парламенттик шайлоого катышып жатат.

Партиянын катарын Алтынбек Сулайманов, Аскар Шадиев, Марат Султанов, Мыктыбек Абдылдаев, Акылбек Жапаров, Жаныбек Бакчиев, Игорь Чудинов, Исхак Пирматов жана башка мүчөлөрдөн турган Бакиевдин бийлиги убагындагы жогорку кызматтагы адамдар жана парламенттеги “Ата-Журт”, “Республика” фракциясынын кээ бир депутаттары толуктап келет. Ал эми соцтармакта “Бакиевдин 11 желдети” деген атка ээ болгон партия мүчөлөрүнүн бир болуп түшкөн сүрөттөрү, үгүт иштери башталгандан бери ар жерде көздүн жоосун алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG