Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

БШК мэрияны “Ата Мекендин” үгүт жарнамасын кайра илүүгө милдеттендирди


Борбордук шайлоо комиссиясы “Тазалык” ишканасын “Ата Мекен” партиясынын шайлоодогу үгүт жарнамаларын кайра ордуна алып келип илүүнү, ошондой эле кеткен чыгашаны төлөп берүүгө милдеттендирди. Мындай чечим башкы шайлоо мекеменин бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

“Ата Мекен” партиясы Бишкек шаарында үгүт жарнамалары улам алынып салып жатканына нааразылык билдирип, бул үчүн “Тазалык” ишканасы менен соттошууга даяр экенин билдирген. Партия мэриянын бул аракетин шайлоо алдындагы үгүт иштерин атайылап үзгүлтүккө учуратуу деп баалоодо.

Бишкек шаар мэриясы партиянын “Тазалык” ишканасы менен түзгөн келишими мыйзамсыз деп билдирген болчу. Бирок БШК чечимди “Ата Мекендин” пайдасына чыгарды.

"Ата Мекен" партиясы Бишкек шаарына орнотулган үгүт жарнамаларын алып салууну токтотуу талабы менен мэрияга кайрылган. Партиянын эсебинде, төрт күндүн ичинде 56 үгүт жарнамалары алынып салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG