Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Тажикстанда дагы он төрт киши кармалды


Рамит капчыгайындагы операцияга тартылган тажик аскерлери. 7-сентябрь, 2015-жыл.
Рамит капчыгайындагы операцияга тартылган тажик аскерлери. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу бүгүн тажик бийликтери маалымдашты. Ага катар өлкөнүн Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн биргелешкен билдирүүсүндө коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданы жана анын жан-жөөкөрлөрүн багынып берүүгө чакырды. Аларды издөө иштери борбор Душанбеден 150 чакырымдай чыгыштагы Рамит капчыгайында жүрүүдө.

Эки күн мурда тажик Ички иштер министрлиги Назарзоданын 32 жактоочусу кармалганын, бул топтон 500дөй курал, ок-дары, бир нече унаа алынганын маалымдаган.

Душанбеде жана чет жакасындагы Вахдат районунда 4-сентябрь күнү милиция бекеттерине жасалган кол салуудан жана андан кийинки атышуулардан 26 адам, анын ичинде тогуз милиция кызматкери мерт болду.

Президент Эмомали Рахмондун кечээги сөздөрүнө караганда, чабуулду “Ислам мамлекети” террордук тобунун көз караштарын бөлүшкөн согушкерлер жасашкан.

Тажик бийликтери кол салууну уюштурду деп айыптап жаткан генерал Назарзода 1990-жылдары мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын мүчөсү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG