Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан Беларус менен кызматташууну өркүндөтөт


7-сентябрда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Беларустун өкмөт башчысы Андрей Кобяков менен жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.

«Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине толук укуктуу мүчө болуп кирүүсүн Беларустун колдоого алганы учун ыраазычылык билдирем" - деген Сариев эки тараптуу кызматташууда көп мүмкүнчүлүктөр ачылгандыгын айтты. Беларус тарап Кыргызстан менен айыл чарба техникаларын сатуу боюнча кызматташууга даяр экенин премьер Кобяков белгиледи.

Премьер-министр Сариев Беларустун Гродно шаарына Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышууда. 8-сентябрдагы жыйында ЕАЭБдин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган маселелер каралары кабарланды.

XS
SM
MD
LG