Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

АКШ Грекияны Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жабууга чакырды


АКШ Грекияны Орусиянын учактарынын аба мейкиндиги аркылуу Сирияга аскердик жүк ташып өтүүсүнө каршы турууга чакырды. Грекия өз кезегинде бул сунушту карап жатканын билдирүүдө. Грекиянын тышкы иштер министрлиги 7-сентябрда АКШнын үндөөсү эки күн мурун берилгенин кабарлады.

Грекиянын расмийлери билдиргендей, Орусия Сирияга жүк жеткирүү үчүн 1-сентябрдан 24-сентябрга чейинки аралыкта аба мейкиндигинен эки учактын учуп өтүүсүнө уруксат берүүсүн сурап кайрылган. Вашингтон Москва Башар Асаддын армиясын колдойт деп тынчсызданууда.

"Нью-Йорк таймс" гезити Орусия Сирияга тандалган аскер тобун жибергенин жазды. Ал эми Орусия ТИМинин басма сөз катчысы Мария Захарина "Франс Пресс" агенттигине “Орусия Сириянын бийлигине террорчулар менен күрөшүүдө көмөктөшүү үчүн аскердик техника жиберип келгенин жашырган эмес” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG