Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Орусия Арменияга сатчу газын 25 долларга арзандатты


Орусиядан келүүчү газдын миң кубометрин 165 долларга түшүрүү тууралуу келишимге тараптар кол койгонун армян президенти Серж Саркисян 7-сентябрда Владимир Путин менен жолукканда билдирди. ТАССтын маалымдашынча, бул Армениянын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу мурда жетишилген келишимдин негизинде болду.

Ошондой эле Интерфакстын маалыматы боюнча, Орусия Арменияга “куралдуу күчтөрүн жаңылоо” максатында 200 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берет.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Орусия Белорусия менен Казакстанга да "көгүлтүр отун" сатат. Белорусияга быйыл сатылган газдын миң кубометри 139 долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG