Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

НАТО кыргыз офицерлерин окутууда


НАТО Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызматын өтөп бүткөн офицерлерди социалдык жактан адаптациялоо долбоорун улантууда. Бүгүн Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, уюмдун өкүлдөрү бул күндөрү Бишкекте кезектеги курстарды уюштуруу маселелерин кыргыз тарап менен талкуулап жатат.

Соңку 3-5 жыл ичинде аскерден кеткен кызматкерлер НАТО-Кыргызстан программасы боюнча 3 айлык окуудан өтөт. Аларга атайын адистер компьютерде иштөөнү, негизги программаларды колдонууну, маркетинг, бизнес, мобилдик технологияларды жана англис тилин үйрөтөт.

Долбоор 2010-жылдан бери ишке ашырылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG