Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Кыргыз-тажик чек арасында жоголгон аскерден дайын жок


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жүргөн жеринен 23-августта жоголгон жоокердин дагы эле дайыны чыга элек. Жарым айдан бери уланып жаткан издөө иштери азырынча натыйжасыз экендигин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жоокер кар аралаш жамгыр жаап, туман түшүп турган учурда Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан бойдон кайра келген эмес. Ал жолунан адашып кетиш ыктымалдыгы айтылган.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG