Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Шайлоо-2015: Эң көп каражат короткондордун алдында "Өнүгүү-Прогресс" келатат


Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын арасынан үгүт жана уюштуруу иштерине каражатты эң көп короткондордун алдында "Өнүгүү-Прогресс" келатат. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, анын эсебине түшкөн 91 миллион сомдун 89 миллиону жумшалды.

Андан кийин 60 миллион короткон "Республика Ата-Журт", 59 миллион чыгарган КСДП жана 57 миллион сомун жумшаган "Ата-Мекен" партиялары келатат.

Ал эми "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясы үгүт иштерине азырынча бир сом чыгара элек. (RK)

XS
SM
MD
LG