Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Ошто чек ара мыйзамын бузган Австрия жараны кармалды


Ошто Кыргызстандын чек ара мыйзамын бузган Австрия жараны кармалды. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, ал Алай районуна караштуу Сары-Таш айылында атайын уруксат менен кирүүчү аймакка мыйзамсыз кирип барып, учкучсуз аппараттын жардамы менен видео тартып жүргөн жеринен колго түшкөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин ал Улуттук коопсуздук комитетинин жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Окуя кечээ, 7-сентябрда болгон. Австриялык жаран Кыргызстанга Тажикстандан келгени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG