Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Түркиядагы жардырдуудан он полициячы мерт болду


Өлкө чыгышындагы жардыруу полициянын он кызматкеринин өмүрүн алганын жергиликтүү медиа жазып чыкты. Азербайжан менен чек арадагы дарбазада иштеген полиция кызматкерлерин салып бараткан кичи автобус бүгүн чабуулга кабылган.

"Анатолия" маалымат агенттиги мунун алдында өткөн түнү Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы аскер учактарынын рейдинде 35тен 40ка чейин террорчу жок кылынганын кабарлаган. Бул операция Түркиянын түштүк-чыгышында 6-сентябрда 16 жоокер жол боюна коюлган бомбанын жарылуусунан мерт болгон соң жасалды.

Түрк армиясы өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагы менен Ирактын түндүгүндөгү согушкерлерге каршы аба чабуулдарын июль айында баштаган. Ага полиция кызматкерлери менен коопсуздук күчтөрүнө жасалган тынымсыз кол салуулар себеп болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG