Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

ЖАМУ ректору студенттер мажбур катталбашын билдирди


Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев студенттер шаардагы шайлоо участкаларына каттоого мажбур тургузулуп жатат деген маалыматты четке какты. Мурдараак студенттер окутуучулар мажбурлап документ толтургузуп, паспорт көчүрмөлөрүн чогултуп жатканын билдиришкен эле.

Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жыйын куруп, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине катышпоосу керектигин эскертти.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Депутаттык мандаттар үчүн 14 партия ат салышууда.

Укук коргоочулар, шайлоого байкоо жүргүзгөн серепчилер адатта шайлоо учурунда бийлик административдик ресурс колдонуп, студент, мугалим, доктурларды өзүнө керектүү партия үчүн добуш бердирерин айтып сынга алып келатышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG