Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

ИИМ: Кыргызстандагы экстремисттердин 23% аялдар


Соңку мезгилде Кыргызстанда экстремисттик ишмердүүлүккө аялдар көп тартыла баштады. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, учурда түрдүү экстремисттик уюмдарга мүчө катары милициянын каттоосуна алынган жарандардын 23% аялдар түзүүдө.

Жалпысынан бүгүнкү күндө республика боюнча диний экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 1866 (былтыр 1703 адам) адам каттоодо турат. Алардын 62% өлкөнүн түштүк аймагындагы облустардын тургундары. Көбү «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү. (RK)

XS
SM
MD
LG