Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Ош милициясы талапкерлерди мыйзам бузбоого чакырды


Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков депутаттыкка талапкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Анын кайрылуусунда айрым депутаттыкка талапкерлер үгүт иш-чаралары учурунда милиция кызматкерлерин жамандап, тартип сакчыларынын кадыр-баркына шек келтирип жатат деп айтылат. Ошондой эле милиционерлер шайлоо учурунда кай бир тараптын, саясый топтун же партиянын кызыкчылыгын көздөбөй турганы, саясаттан тыш болуп, тек гана жарандардын укуктарын коргой турганы жазылган.

4-сентябрдан берки үгүт иштери учурунда айрым партиялар укук коргоо системасын реформалоо тууралуу ойлоруна жол коопсуздук кызматкерлеринин маданиятсыз-жүрүм турумдарын мисал катары келтирген эле. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG