Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Кыргыз-казак чек арасындагы коопсуздук талкууланууда


Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев иш сапар менен Алматыда жүрөт. Казакстандын Чек ара кызматынын жетекчи орун басары Дархан Дилманов менен эки тараптуу кызматташтык талкууланат. Негизги көңүл чек ара аймагындагы коопсуздук, түрдүү коркунучтарга биргелешип каршы туруу жолдоруна бурулмакчы. Ошону менен катар чек араны кайтарган куралдуу күчтөрдүн аскердик дареметин жогорулатуу тууралуу да сөз болот.

Быйыл август айынан тарта Кыргызстан Евразия экономикалык уюмуна толук укуктуу мүчө болуп киришине байланыштуу кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынып салынды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG