Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Ошто прокуратура шаар сотун тартипке чакырууну суранды


Ош шаардык прокуратурасы маңзат жасады деп айыпталган тажик жаранына чыгарылган өкүмдү мыйзамсыз деп тапкан судья Рамазан Кожомкуловду тартипке чакырууну сурап Соттор кеңешине кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маңзат даярдап, сатуу менен алектенет деп айыпталган тажикстандык Пайрав Назришоевдин иши алгач Ош шаардык сотунда каралган. Судья Кожомкулов аны күнөлүү деп таап, 500 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Ош шаардык прокуратурасы бул чечимге канаттанбай, облустук сотко кайрылган. Ош облустук соту Пайрав Назришоевди күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

Рамазан Кожомкулов шаардык прокуратуранын аракетин негизсиз деп атап, муну сотторду тандоо өнүктүгүнүн алдында өзүнө карата уюштурулуп жаткан каралоо деп баалоодо. (YI)

XS
SM
MD
LG