Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

ЕАЭБдин Бажы кодекси жаңы жылга чейин кабыл алынат


Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жаңы жылга чейин иштелип бүтүп, кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн Беларустун Гродно шаарында өткөн ЕАЭБ уюмунун премьер-министрлеринин саммитинде орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев билдирди.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине быйыл 12-августта кирген. Өкмөт бажы тармагынан түшө турган киреше 1,5 млрд сомго чейин көбөйөт деген оюн билдирген. Кыргызстанга жалпы ЕАЭБдеги бажы төлөмдөрүнүн 1,9% бөлүнүп берилет.

Бирок акыркы мезгилде уюмга мүчө мамлекеттерде импорт кээ бир учурларда 30% ашуунга кыскарып, бажы төлөмдөрүнүн азайуусуна алып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG