Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Болгария орус учактарын Сирияга өткөрбөйт


Болгария Орусияга Сирияга жүк ташуу үчүн аба мейкиндигин берүүдөн баш тартты. Болгар тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн шейшембиде ТАСС агенттигине билдиргенине караганда, Сирияга багыт алган орус аскерий-трнаспорттук учактарына жол бербөө чечими өткөн жуманын соңуңнда кабыл алынган. Орус тарап азырынча бул маалыматты комментарийлей элек.

Мунун алдында Греция өкмөтүнүн өкүлү Сирияны көздөй сапар алган орус учактары үчүн аба мейкиндигин ачуу маселеси мындан ары күн тартибинде турбастыгын айткан. Ага чейин АКШ Афиныдан орус учактары өтүшүнө уруксат бербөөнү суранган.

Грек расмийлери билдиргендей, Орусия Сирияга жүк жеткирүү үчүн 1-сентябрдан 24-сентябрга чейинки аралыкта аба мейкиндигинен эки учагы өтүүсүнө уруксат сурап кайрылган. Вашингтон Москва Башар Асаддын армиясын колдойт деп тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG