Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Түркиядагы чабуулда курман болгондордун саны он төрткө жетти


Түркия -- Полиция кызматкерлери чабуулга кабылган жер. 8-сентябрь, 2015

Түркия -- Полиция кызматкерлери чабуулга кабылган жер. 8-сентябрь, 2015

Өлкө чыгышындагы бомба чабуулунан кеминде 14 полиция кызматкери ажал тапканы кабарланууда. Бүгүн эртең менен бул чабуулдан он полициячы курман болгону айтылып жаткан.

Анатолия расмий маалымат агенттиги 8-августта полиция кызматкерлерин салып бараткан микроавтобус бомба чабуулуна кабылганын жазып чыкты. Алар Азербайжан менен чек арадагы дарбазага жакын жердеги жумушуна бараткан.

Аталган агенттик мунун алдында өткөн түнү Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы аскер учактарынын рейдинде 35тен 40ка чейин террорчу жок кылынганын кабарлаган. Бул операция Түркиянын түштүк-чыгышында 6-сентябрда 16 жоокер жол боюна коюлган бомбанын жарылуусунан мерт болгон соң жасалды.

Түрк армиясы өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагы менен Ирактын түндүгүндөгү согушкерлерге каршы аба чабуулдарын июль айында баштаган. Ага полиция кызматкерлери менен коопсуздук күчтөрүнө жасалган тынымсыз кол салуулар себеп болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG