Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Германия качкындарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн аныктады


Германия -- Берлиндеги качкындар лагерине жайгаштырылган балдар. 7-сентябрь, 2015.

Германия -- Берлиндеги качкындар лагерине жайгаштырылган балдар. 7-сентябрь, 2015.

Германия жакынкы бир канча жылдары жылына жарым миллиондой качкынды кабыл алып, жайгаштыра алат. Бул тууралуу шейшембиде Германиянын вице-канцлери Зигмар Габриэль билдирди. Анын сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы мамлекеттерден чыккан качкындардын беш жүз миңдейин жыл сайын кабыл алып турууга өлкө экономикасы жол берет. Вице-канцлер Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да миграция кризисин чечүүгө салым кошуусу керектигин белгиледи.

Өткөн ишембиде Австрия менен Германия миңдеген качкындарды кабыл алды. Негизинен Сириядан чыккан бул мигранттар Балкан өлкөлөрү аркылуу Венгрияга өткөн эле. Германия быйыл 800 миң качкынды кабыл аларын жарыялаган. Бул былтыркыга салыштырмалуу төрт эсеге көп.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG