Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Атамбаев: Усубалиев башкарган жылдар жемиштүү да, жеңиштүү да болгон


"Турдакун Усубалиев башкарып турган жылдар Кыргызстан үчүн жемиштүү да, жеңиштүү да болгон" деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчынын белгилешинче, ал жылдары айыл чарба секторунда, айрыкча мал чарбасында чоң ийгиликтер жаралган, ички дүң өнүм 2,5 эсе көбөйгөн, көптөгөн шаарларда ири өнөр жай ишканалары ачылган. Алмазбек Атамбаев Усубалиев Кыргызстандын энергетика тармагын түптөгөнүн, анын тушунда ири ГЭСтер курулганын, Бишкекте ак мармар менен кызыл гранитке оролгон борбордук "Ала-Тоо" аянты ачылганын, бирок "дал ушул эмгеги үчүн кызматтан алынганын" айтты.

- Турдакун Усубалиев жетекчи катары таза, адамкерчиликтүү, иштин көзүн билген адам болгон. Мен ал киши менен 5 жыл чогуу парламентте отургам. Анын бул касиеттери азыр да баарыбызга өрнөк болууга тийиш, - деди Атамбаев.

Советтик Кыргызстанды 1961-1985-жылдары башкарган Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты ушу тапта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өтүп жатат. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG