Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Кыргызстан кичи насыя боюнча Борбор Азияда үчүнчү тепкичте


Кыргызстан кичи насыя берүү көлөмү боюнча Казакстан жана Тажикстандан кийинки орунда турат. Бул тууралуу эл аралык Microfinance Information Exchange уюмунун Борбор Азиядагы абалды талдаган баяндамасында айтылат.

Майда насыя берүүчү уюмдардан берилген каражаттын эң көбү Казакстанга таандык. Алардын кредиттик портфелинде берилген сумманын көлөмү 461, 2 млн. доллар, микрокаржылоо рыногунун 30 пайызы Казакстанга таандык.

Экинчи орунда 426, 2 млн. доллар менен Тажикстан турат. Ал эми Кыргызстан 350 млн. доллар менен үчүнчү катарда турат.

Өзбекстан төртүнчү катарда. Түркмөнстан боюнча маалыматтар жок. (JM)

XS
SM
MD
LG