Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:12

Ак-Суу районунун тургуну жубайынын өлүмүнө төрөт үйүн айыптоодо


Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Нурбек Бектурган уулу жубайы Насипат Бейшееванын өлүмүнө райондук оорукананын дарыгерлерин айыптоодо. Бул тууралуу Бектурган уулу арызданып кайрылган акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты.

14-августта Бейшеева төрөттөн кийин абалы начарлап, реанимацияга которулган, чукул операция жасалып, бирок хирургдар анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Ымыркайдын киндиги моюнуна эки кабат оролуп калгандыктан ал да чарчап калган.

Окуяга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүп жатат. Тиешелүү материалдар Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева быйыл апрель айында парламент жыйынында сүйлөп жатып былтыр 85 аял төрөт учурунда каза тапканын, бул 2013-жылга караганда 26 пайыз көп экенин айткан болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG