Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Жалал-Абадда жер титиреди


Бүгүн саат 9:46да Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, силкинүүнүн күчү 2-2,5 балл, очогу Фергана тоо кыркасында, Макмал айылынан 15 чакырым түштүк, Жалал-Абад шаарынан 85 чакырым түндүк-чыгыш тарапта болду.

Жердин титиреши Макмал айылында 2,5, Көк-Дөбө айылында 2 балл болуп сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG