Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Атамбаев Астанадагы маданий иш-чараларга катышат


Президент Алмазбек Атамбаев 11-сентябрда Астанага барып, түрк мамлекеттер жетекчилеринин жыйынына катышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын маалымат агенттиктери Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап Кыргызстан президентинин Астанага келерин мурда эле маалымдашкан. Казакстандын борборунда түрк өлкө лидерлеринин саммити өтөрү, ага казак, кыргыз, азери президенттери катышып, Түркия башчысынын өкүлү келери айтылган.

Бирок буга чейин Атамбаевдин коңшу өлкөгө барар-барбасы анык эместиги кабарланган.

Түрк элдеринин президенттеринин жыйынын Казак хандыгынын 550 жылдыгына арналган өнөктүктүн алкагында өткөрүү белгиленген. (JM)

XS
SM
MD
LG