Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Түркия Ирактын түндүгүнө аскер киргизди


Түркия Ирактын түндүгү менен чек ара аймагына аскерлерин жайгаштырды.

Анадолу кабар агенттиги маалымдагандай, 150 чакты жоокер Күрт жумушчу партиясынын (ПКК) 20 чакты согушкерин жок кылуу үчүн кошуна өлкөгө кирип барышкан. Жоочулар түрк полициясына кол салып чек аранын аркы тарабына өтө качышкан.

Акыркы 2 күндө күндө күрт согушкерлеринин кол салууларынан түркиялык 31 полициячы менен аскер кызматкерлери набыт болушту. Анкара өкмөтү Ирактагы операция канча убакыт созуларын тактай элек.

Июль айында НАТОнун мүчөсү Түркия АКШ баштаган коалиция менен “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшкө активдүү катышуу жөнүндө макулдашып, америкалык согуш учактарына аскер базаларын пайдаланууга уруксат берген.

Анкара коалиция менен биргелешип аскердик операциялар жасаганга караганда кыйла жылдардан бери автономия үчүн күрөшүп келаткан ПККга каршы аракеттерге көбүрөөк көңүл бурууда.

XS
SM
MD
LG