Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Коалиция: Партиялар шайлоочуларды тартууну үгүт өнөктүгүнө чейин эле баштаган


Кыргызстанда партиялар шайлоочуларды өзүнө тартууну расмий үгүт өнөктүгүнө чейин эле баштаган, аксакалдарды чогултуп чай берүү, түрдүү иш-чараларды өткөрүү мыйзамга каршы келбегени менен анын баары дал ушу шайлоо алдында уюштурулуп жатышы үгүткө тете. Бул тууралуу "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму тараткан билдирүүдө айтылат.

Уюм шайлоо өнөктүгүнө жүргүзүп жаткан мониторингинин 18-31 август боюнча жыйынтыгын жарыялады. Анда кандайдыр бир системалуу мыйзам бузуу катталбаганы, биометрика маселеси ачык бойдон калып, тизме түзүү кыйынга туруп жатканы, техникалык жактан да маселелер бар экени айтылат. Коалициянын пикиринде, үгүт үчүн берилген убакыт аз болгону шайлоочулардын туура тандоосуна терс таасир этиши ыктымал.

Мониторингдин кийинки этабы боюнча отчет 20-сентябрда жарыяланат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG