Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Кыргызстанда кылмыштуулук өсүп жатат


Быйыл жарым жыл ичинде катталган кылмыштардын саны 17540ка жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 % көбөйгөн. Күч органдары 2014-жылдын биринчи жарымында 15 000 ашуун кылмышты каттоого алган. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин баяндамасында келтирилген.

Баяндамада уурулук, зордуктоо жана паракорлук жогорулаганы, ошол эле учурда ишенип берилген мүлктү өз пайдасына кымырып алуу фактылары салыштырмалуу азайганы белгиленген.

Мыйзам бузуулардын эң көбү, Бишкек шаарында орун алууда. Экинчи тепкичте Чүй облусу турат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустары. Кылмыш эң аз катталган аймак – Нарын.

Бардык облустардагы кылмыштуулук көрсөткүчтөр өткөн жылга салыштырмалуу жогору.(SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG