Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

АКШ Сенатында Иран менен келишим карала баштады


АКШ Сенатында Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди колдой турган депутаттардын саны 42ге жетти. Бул - мыйзам чыгаруучулар документти четке кага албайт дегенди туюндурат.

Шейшембиде дагы 4 демократ-сенатор июль айында алты держава жана Тегеран ортосунда жетишилген келишимге колдоосун билдиришти. Макулдашуунун оппоненттери ал Ирандын атомдук программасын мыйзамдаштырат жана ядролук куралдын үстүнөн иштөөнү алдын албайт деп эсептешет.

8-сентябрда Конгресс документти талкуулай баштаган. Эки палатадагы республикачылар ага бир добуштан каршы болушууда. Бирок президенттин ветосун ашып өтүүгө бул жетиштүү эмес. Келишимге ылайык, Иран 10 жылдын ичинде ядролук программасын кыйла чектейт, ал үчүн эл аралык санкциялар бара-бара алынып салмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG